🎓 Кыргызстандын жарандары Казакстандын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн 2025–2026-окуу жылына карата конкурс жарыяланды.
📚 Казакстан тарап кыргызстандыктар үчүн 50 квота бөлдү: бакалавриатка 25, магистратурага 20 жана медициналык билим берүү үчүн 5 орун.
🔧 Квоталар төмөнкүдөй бөлүнөт: маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, инженерия, кайра иштетүү жана курулуш тармактары, айыл чарба жана биоресурстар боюнча 15 орун; саламаттыкты сактоо жана социалдык камсыздоо (медицина) үчүн 5 орун; педагогика, искусство жана гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, журналистика жана маалымат, бизнес, башкаруу жана укук боюнча 10 орун.
📝 Кыргызстандын казак улутундагы жарандарына жогорудагы багыттар боюнча 20 орун (бакалавриат — 10, магистратура — 10) каралган.
⏰ Конкурска катышуу үчүн талапкерлер 2025-жылдын 10-майына чейин http://student.edu.gov.kg сайтында катталып, бардык зарыл болгон документтерди жүктөшү керек.
📄 Зарыл документтер: сүрөт жана кол коюлган арыз, кыргыз жана орус тилдеринде резюме, паспорттордун көчүрмөлөрү, билим берүү документтери, медициналык маалымкаттар, мотивациялык эссе, сунуш кат, соттолбогондугу тууралуу маалымкат, үй-бүлө курамы тууралуу маалымкат, байланыш маалыматтары.
🔍 Техникалык текшерүүдөн өткөн талапкерлер сынактарга чакырылат, ал эми сунушталган талапкерлердин тизмеси Казакстан тарапка жөнөтүлөт. Акыркы чечим казак тараптан кабыл алынат.
💰 Бардык транспорттук жана башка чыгымдарды катышуучулар өздөрү жабат.
📞 Кошумча маалымат алуу үчүн +996 (312) 621193 телефонуна кайрылсаңыз болот (иш күндөрү 15:00дөн 17:00гө чейин).