🦷 Бишкектеги «Келечек» реабилитация борбору ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга стоматологиялык жардам көрсөтүп, комплекстүү реабилитация жүргүзөт.
👶 2023-жылы ачылган бул борбор 4 жаштан 18 жашка чейинки балдарга кеңири реабилитациялык кызматтарды сунуштайт.
🏡 Реабилитация эки форматта жүргүзүлөт: стационардык жана күндүзгү. Алыскы аймактардан келген балдар үчүн 24 сааттык шарттар түзүлгөн.
🦷 Медико-социалдык жардамдын алкагында балдарга физиопроцедуралар, массаж жана стоматологиялык кызматтар көрсөтүлөт. Борбордо заманбап жабдылган стоматологиялык кабинет бар.
📊 2023-жылдан бери борбор өзүнүн кайрылуу статистикасын жүргүзүп келет. 4 жаштан 13 жашка чейинки балдардын 90%ында тиш көйгөйлөрү бар экени белгиленген.
👨👩👧👦 Ар бир бала борборго келгенде стоматологиялык текшерүүдөн өтөт.






