🏟️ Кеминде жаңы стадионду куруу боюнча эскиздик долбоор иштелип чыкты.
🏗️ Стадион Кемин шаарындагы Жеңиш көчөсүндө жайгашат жана анын жалпы аянты 3,8 гектарды түзөт.
⚽ Долбоорго футбол талаасы, жүгүрүү жолдору, баскетбол жана мини-футбол аянтчалары, көрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу трибуна, жашыл зоналар жана унаа токтотуучу жай кирет.
💪 Жаңы спорттук аянт жаштардын спорт менен машыгышына, жергиликтүү тургундардын активдүү жана пайдалуу эс алуусуна, ошондой эле шаардык инфраструктуранын өнүгүүсүнө жардам берет.
🌟 Кемин шаарында спортту өнүктүрүү жана жаштардын дене тарбиясына көңүл буруу максатында бул долбоор маанилүү кадам болуп саналат.











