⚽️ Кыргызстандын улуттук футбол командасы октябрь айында ФИФАнын расмий күндөрүндө машыгуу жана оюн өткөрбөйт.
🌍 Кыргыз футбол союзу CAFA Nations Cup 2025 турниринин ФИФАнын расмий календарынан тышкары өткөндүгүн жана бул Премьер-Лиганын матчтар графигин өзгөртүүнү талап кылгандыгын билдирди.
📅 Климаттык шарттар, чемпионаттын тыгыз графиги жана эл аралык футболдук турнирлердин өткөрүлүшү эске алынып, КФС октябрь айында улуттук команданын машыгуу жана оюндарды өткөрбөө чечимин кабыл алды.
🏆 Ноябрь айында улуттук команда пландалган машыгуу өткөрүп, эл аралык турнирге катышат.






