🚨 Бишкекте контрафакттык спирт ичимдиктерин чыгарган мыйзамсыз цех аныкталды.
💼 Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери текшерүү жүргүзүп, 120 бөтөлкө жасалма арак табышкан.
🔍 Ошондой эле соода тармагындагы одоно мыйзам бузууларды көрсөткөн 114 жасалма акциздик маркалар алынган.
⚖️ Иштин материалдары кошумча иликтөө жана чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
💰 Эскерте кетсек, 1000 даанага чейин акциздик маркасы жок тамеки саткандар үчүн 65 миң сом айып салынып, андан чоңураак өлчөмдөгү үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.
🔒 Салык кызматы ишкерлерди этият болууга жана алкоголдук ичимдиктерге жана тамекилерге акциздик маркалардын аныктыгын текшерүүгө чакырат.