
[adrotate_integration id=”2″]🏗️ Нарын облусунун Кочкор айылында мыйзамсыз курулган объект бузулду.
🔍 КРнын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги Нарын облусунун архитектуралык-курулуштук көзөмөл башкармалыгы тарабынан Кочкор районундагы Арабаев көчөсүндө жайгашкан объект мыйзамсыз деп табылганын билдирди.
📜 Буга чейин бул даректе текшерүү акты түзүлүп, мыйзам бузууларды жоюу үчүн эскертүү берилген. Ошондой эле, айып пул салынган жана имаратты мыйзамдаштыруу үчүн убакыт берилген.
⚖️ Объекттин ээси эч кандай аракет көрбөгөндүктөн, тиешелүү документтер сот органдарына жөнөтүлгөн.
🔨 Жогорку соттун чечими менен мыйзамсыз объект бузулуп, жер тилкесинин баштапкы абалын калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.






