🏡 Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн ордуна карылар үчүн үй жана 500 орундуу бала бакча курулат.
🔄 Мамлекетке таандык болуп, кийин жеке колго өткөн объекттер жана жер тилкелери кайра мамлекетке кайтарылып, элдин кызыкчылыгына пайдаланылууда.
🏢 Бишкектеги Жибек-Жолу проспектиндеги мурдагы президент Курманбек Бакиевге таандык үй мамлекетке өткөрүлүп, анын ордуна ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борбор курулду.
🏠 Скрябин көчөсүндөгү Бакиевдердин үй-бүлөсүнө таандык жер тилкеси да мамлекетке кайтарылып, ал жерде ипотекалык көп кабаттуу үйлөр курулуп, жүздөгөн жарандар турак жай менен камсыз болушту.
👴 Кой-Таштагы Атамбаевдин үйүнүн ордуна заманбап карылар үйү курулуп, Ысык-Атин жана Бишкектеги эски үйлөрдөн карылар көчүрүлөт.
👶 Участоктун экинчи бөлүгүндө Кой-Таш, Арашан, Таш-Мойнок, Татыр, Прохладное жана жакынкы айылдардын балдары үчүн 500 орундуу бала бакча курулат.
🔨 Курулуш иштери жакынкы күндөрдө башталып, келерки жылы аяктайт.
🏢 Бишкектеги азыркы карылар үйүнүн ордуна ипотекалык көп кабаттуу үйлөр куруу пландалууда.






