📰 Кой-Таш айылында адам өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды.
🚓 21-октябрь күнү саат 21:00дөр чамасында жол инспекторлоруна Кой-Таш айылынын көчөсүндө төрт эркектин ортосунда жаңжал чыкканы тууралуу маалымат түшкөн.
🔍 Окуя болгон жерге келген укук коргоо кызматкерлери бычактан алган жаракаттары менен 40 жаштагы адамдын жансыз денесин табышкан.
👮♂️ Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары эки адам кармалган: У.Б. 1990-жылы туулган К.П. 1976-жылы туулган.
🕵️♀️ Шектүүлөр Аламүдүн РИИБнин тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, учурда кылмыштын үчүнчү катышуучусун издөө иштери уланууда.