КР өкмөт башчысы Никита Михалковго «Достук» орденин тапшырды

Бишкекте өткөн Россиянын маданият күндөрүндө белгилүү режиссёр Никита Михалковго "Достук" ордени тапшырылды. Адылбек Касымалиев тарыхый байланыштарды бекемдөөнү баса белгилеп, Михалковду 80 жылдыгы менен куттуктады.

[adrotate_integration id=”2″]

🎭 Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын маданият министри Ольга Любимова менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу Кыргыз Республикасында Россия Федерациясынын Маданият күндөрүн өткөрүүнүн алкагында болуп өттү.

🎬 Иш-чаранын жүрүшүндө белгилүү орус режиссеру Никита Михалковго Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы – “Достук” ордени тапшырылды.

🤝 Адылбек Касымалиев эки мамлекеттин ортосундагы тарыхый байланыштарды бекемдөөгө маданият күндөрүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

🎉 Никита Михалковду 80 жылдык мааракеси менен куттуктап, анын дүйнөлүк кинематографиянын өнүгүүсүнө кошкон зор салымын белгиледи.

🌟 Касымалиев Михалковго бекем ден соолук, түгөнгүс энергия жана эки өлкө ортосундагы маданий байланышты бекемдөө үчүн мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген