🚨 Бишкекте депутаттын кеңешчиси алдамчылык жана документтерди жасалмалоо фактысы боюнча кармалды.
🔍 Жаран Р.А.Р. 12-сентябрда Жогорку Кеңешке жумушка орношуу үчүн алдамчылык жана жасалма документтерди колдонгон деген шек менен кармалган.
💼 2021-жылы жалган маалымат жана жалган документтерди берип, мыйзамсыз түрдө айлык акы, сыйлыктарды алууга шарт түзгөн.
💰 Кармалган жаран өздөрүн өлкөнүн жогорку жетекчилигинин өкүлүмүн деп тааныштырып, ортомчулук кызмат көрсөтүү менен акча таап жүргөн жарандарды да алдап жүргөндүгү аныкталган.
⚖️ Жогоруда айтылган кылмыштарга байланыштуу кылмыш иши козголуп, учурда анын кылмыш иштеринин бардык фактыларын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.