

[adrotate_integration id=”2″]⛽️ Кыргызстандын ички рыногунда мунайзат менен камсыздоону талкуулаган жыйын өттү.
📊 Жыйында мунайзаттын жеткирүү, резервдердин көлөмү жана логистика маселелери каралды.
🚫 Кыргыз Республикасынын аймагынан мунай жана мунайзаттарды Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан тышкары экспорттоого убактылуу тыюу салынганы баса белгиленди.
📈 Баалардын негизсиз өсүшүнө жол бербөө жана жеткирүүлөрдүн туруктуулугун камсыздоо боюнча чаралар талкууланды.
🛢 Адылбек Касымалиев тиешелүү мамлекеттик органдарга мунайзат бааларын көзөмөлдөө жана жетиштүү резервдерди түзүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.










