Кримтөбөл Эркин Мамбеталиевдин 5,7 миллион долларлык мүлкү мамлекетке өткөрүлдү

Кримавторитет Эркин Мамбеталиевдин 5,7 миллион долларга бааланган мүлкү мамлекетке өттү. Анда эс алуу борбору, батирлер, автоунаалар жана квадроциклдер бар. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мыйзамсыз алынган мүлктөрдү аныктоо боюнча иликтөө иштерин улантууда.

🏛️ Криминалдык авторитет Эркин Мамбеталиевдин мүлкү мамлекетке өттү.

🏠 Кылмыш ишинин алкагында КР УКМК Ысык-Көл облусундагы “Эдельвейс” эс алуу борборун Мамбеталиевден тартып алды.

🚗 Ошондой эле, Бишкектеги 3 жана 2 бөлмөлүү батирлер, эки “Лексус LX 570” жана “Dodge RAM” үлгүсүндөгү унаалар мамлекеттин балансына өткөрүлдү.

🚤 Кармалган мүлктөрдүн тизмесинде 3 реактивдүү лыжа, 3 квадроцикл жана улуттук кийизден жасалган боз үй бар.

💰 Камакка алынган мүлктүн жалпы баасы 5 миллион 716 миң 307 АКШ долларын же 489 миллион 886 миң сомду түзөт.

🔍 КР МУКК уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз жол менен алынган мүлктөрүн аныктоо боюнча активдүү иштерди улантууда.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x