

[adrotate_integration id=”2″]🏗️ Кыргызстандын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин делегациясы, министр Нурдан Орунтаев башында турган, Ташкентте өткөн КМШнын курулуш ишмердүүлүгүндө кызматташуу боюнча 46-жыйынына катышты.
🤝 Жыйындын алкагында кыргыз тарап турак жай курулушу, архитектура жана заманбап технологияларды киргизүү жаатында тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу перспективаларын талкуулады.
📝 Нурдан Орунтаев Өзбекстандын курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министри Шерзод Хидоятов жана Тажикстандын өкмөтүнүн алдындагы Архитектура жана курулуш комитетинин төрагасы Низом Мирзозода менен курулуш ишмердүүлүгүндө кызматташуу боюнча жол карталарына кол койду.
📂 Кыргызстандын курулуш министринин орун басары Бакай Турдугулов менен Беларустун архитектура жана курулуш министринин орун басары Александр Балашенко кызматташууну активдештирүү боюнча меморандум алмашышты.
🌍 Кыргызстан жыйынга катышуу менен курулуш тармагындагы эл аралык кызматташтыкты чыңдап, тажрыйба алмашууну жана тармакты туруктуу өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн шарттарды түздү.






