

[adrotate_integration id=”2″]
🔧 Бишкекте Кыргыз Республикасынын курулуш министринин орун басары Бакай Турдугуловдун Корея делегациясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун максаты – курулуш тармагында инвестициялык климатты жакшыртуу, бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтуу жана инновациялык чечимдерди киргизүү.
📜 Жолугушууда 2024-жылдын 5-июнунда кабыл алынган № 70-нпа токтомунун талаптары талкууланды. Бул токтомго ылайык, Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлиги Россия, Кытай, Корея Республикасы, Япония, АКШ жана Европа Союзунун еврокоддорунун курулуш стандарттарын тааныйт.
📈 Техникалык кеңеш тарабынан бул токтом кабыл алынгандан бери инвестициялык макулдашуулардын алкагында 23 инвестициялык долбоор каралып, бекитилген.
🤝 Нормативдик актынын кабыл алынышы макулдашуу процедураларын жөнөкөйлөтүп, Кыргызстандын курулуш секторуна чет элдик өнөктөштөрдүн ишенимин арттырууга чоң кадам болду. Бул инвестициялардын өсүшүнө жана эл аралык кызматташтыктын өнүгүшүнө өбөлгө түзүүдө.






