







🇰🇬 Бишкектеги “IT Хаб — Технопарк” мамлекеттик башкаруу системасына заманбап санариптик чечимдерди киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө максатында мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин директору Кудайберген Базарбаев жана анын кызматкерлери тарабынан зыярат кылынды.
💻 Технопарктын инфраструктурасы, резиденттери, билим берүү борборлору жана инновациялык лабораториялар менен таанышуу болду.
🌐 “Кыргыз ТехноВумен” коомдук фондунун жетекчиси Айпери Касымбекова IT Хабдын өлкөнүн IT тармагын өнүктүрүүдөгү, жаштарды окутуу жана стартаптарды колдоодогу маанилүү ролун белгиледи.
👩💻 Келген конокторго мамлекеттик органдар менен өнөктөштүктө ишке ашырылган долбоорлор, программалоо жана маалыматтык технологиялар боюнча курстар көрсөтүлдү.
🔐 Санариптик коопсуздук жана IT-кадрларды даярдоо мүмкүнчүлүктөрү өзгөчө көңүл бурулду.
📈 Кудайберген Базарбаев санариптик трансформация мамлекеттик башкаруу реформасында приоритеттүү багыт экенин белгиледи, санариптик өнүгүү мамлекеттик кызматтын жаңы стандартына айланганын айтты.
🤝 Базарбаев мамлекеттик түзүмдөр менен IT секторунун кызматташуусунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, IT Хаб сыяктуу борборлорду тажрыйба алмашуу, адистерди даярдоо жана инновацияларды мамлекеттик башкарууга киргизүү платформалары катары атады.
📚 Жолугушуунун аягында Айпери Касымбекова агенттиктин кызматкерлери үчүн “Санариптик коопсуздук” темасында лекция окуду.
🏛️ IT Хабка болгон зыярат мамлекеттик жана санариптик секторлордун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө маанилүү кадам болуп, заманбап жана натыйжалуу мамлекеттик аппаратты курууга умтулуусун көрсөтөт.