Кун-Туу айылында энесин кыйнаган эркек киши кармалды

Чүй облусунда апасын кыйнаган деп шектелген жаран кармалды. Ал мас абалында апасына психологиялык жана физикалык зомбулук көрсөткөн. Кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

📰 Чүй облусунда өз энесине зомбулук көрсөткөндүгү үчүн шектүү жаран кармалды.

🚨 Сокулук районунун Кун-Туу айылында 1989-жылы туулган А.Н. аттуу жаран спирт ичимдиктерин ичип, өз энесине психологиялык жана физикалык зомбулук көрсөтүп келгени аныкталды.

👮‍♂️ Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, А.Н. убактылуу кармоочу жайга камалды. Буга чейин да ал энесине карата ушундай аракеттерди жасаганы белгилүү болду.

🔍 Учурда бул иш боюнча керектүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

📞 Чүй облусунун ИИБси үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган же күбө болгон жарандарды тез арада милицияга кайрылууга чакырат.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген