[adrotate_integration id=”2″]
🌟 Курпсай ГЭСинде Турдакун Усубалиевдин эстелиги ачылды.
🗿 Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери Турдакун Усубалиевге арналган эстелик Курпсай ГЭСинин алдында орнотулду. Бул эстелик анын тарыхтагы ордуна болгон терең урмат-сыйдын символу болуп саналат.
⚡️ Энергетика министри Таалайбек Ибраев эстеликти “тарыхка болгон урмат-сыйдын белгиси, эмгекке болгон таануу жана элге ак ниет кызмат кылуунун түбөлүктүү символу” деп мүнөздөдү.
🏗 Турдакун Усубалиев 1961-1985-жылдары Кыргызстандын өнөр жайын өнүктүрүүдө чоң салым кошуп, 150дөн ашуун ири объектилерди курган. Ал жетектеген мезгилде электр энергиясын өндүрүү 12 эсеге көбөйгөн.
💡 Курпсай ГЭСи — Турдакун Усубалиевдин эң маанилүү долбоорлорунун бири болуп, Кыргызстандын экинчи эң кубаттуу гидроэлектростанциясы болуп саналат.
🕌 Иш-чаранын катышуучулары Турдакун Усубалиевдин элесин эскерип, куран окутушту.
🔨 Эстеликти орнотуу иштери ачык тендердин жыйынтыгы менен ОАО «Электрические станции» тарабынан уюштурулуп, ОсОО «Инжиниринг Групп» тарабынан аткарылды.






