Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна кызмат сапарынын алкагында Лейлек районунун жана Сулюктайдын өнүгүшү боюнча маалыматтар менен таанышты. Анын ичинде жаңы ишканалардын түзүлүшү, жумуш орундарынын көбөйүшү, жолдор жана мектептер сыяктуу объектилердин курулушу боюнча маалыматтар берилген.