Материалдар: 1
«Кыргыз почтасы» ААК кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүлүп, жаңы социалдык долбоор презентацияланып, биринчи «Элкарт+» профсоюз карталары салтанаттуу тапшырылды. Бул иш-чара Кыргызстандын кесиптик профсоюндары Федерациясы, «Бакай Банк» ААК жана «Элкарт» улуттук төлөм системасынын үч тараптуу кызматташуусунун жазылган макулдашуулардан практикалык ишке өткөнүн көрсөттү. Долбоор профсоюз мүчөлөрүнө социалдык колдоо көрсөтүүнү кеңейтүүгө багытталган.