Кыргыз-өзбек чек арасындагы үч өткөрмө пункту күнү-түнү иштөө режимине өтөт

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы үч өткөрмө пункту 2025-жылдын 18-июнунан тартып сутка бою иштейт. Бул жарандар үчүн жайкы туристтик сезондо ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

🌐 Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек арадагы үч автоунаа өткөрүү пункту 18-июндан тартып күнү-түнү иштей баштайт.

🚗 “Кадамжай-автожол”, “Чечме-автожол” жана “Ак-Кыя-автожол” өткөрүү пункттарынын жаңы иш тартиби чек араны кесип өткөн жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

🌄 Бул өзгөчө жайкы туристтик сезон учурунда Баткен облусунун кооз жерлерин, анын ичинде Шахимардан анклавын, Курбан-Кол көлүн, Дугоба жана Гаувян капчыгайларын көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

👥 Бул өткөрүү пункттарынан Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын жарандары гана өтө алышат.

📅 Күнү-түнү иштөө режими 2025-жылдын 1-октябрына чейин күчүндө болот.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x