Кыргыз алтындарын негизги сатып алуучулар аныкталды

2025-жылдын январынан май айына чейин Кыргызстан 1,16 тонна алтын экспорттоп, 9,77 млрд сом (112,1 млн доллар) киреше тапты. Негизги сатып алуучулар Швейцария, Улуу Британия жана Малайзия болду. Экспорт өткөн жылга салыштырмалуу үч эсеге азайды.

💰 Кыргызстан 2025-жылдын январынан май айына чейин 1,16 тонна алтын экспорттоп, 9,77 млрд сом (112,1 млн АКШ доллары) киреше тапты.

🇨🇭 Швейцария кыргыз алтынын эң ири сатып алуучу болуп, 727,2 кг алтынды 6,5 млрд сомго (74,6 млн доллар) сатып алды.

🇬🇧 Улуу Британия 372 кг алтынды 2,7 млрд сомго (31,4 млн доллар) импорттоп, экинчи орунда турат.

🇲🇾 Малайзияга 50 кг алтын жөнөтүлүп, бул Кыргызстанга 459 млн сом (5,3 млн доллар) киреше алып келди.

📉 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу, экспорттун көлөмү жана акча каражаттары үч эсеге азайды.

📊 2025-жылдын 25-июлуна карата ички рынокто аффинирленген алтындын баасы төмөнкүдөй: 1 г — сатып алуу: 10 824,50 сом / сатуу: 10 878,50 сом, 31,1035 г (тройская унция) — сатып алуу: 296 401,50 сом / сатуу: 300 847,50 сом.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген