Кыргыз авиакомпаниясы Бишкек – Кашгар багыты боюнча алгачкы учууну ишке киргизди

«Аэро Номад Эйрлайнс» 15-июнда Бишкек – Кашгар багыты боюнча биринчи рейсин ишке киргизет. Бул кадам Жибек Жолунун транспорттук коридорун өнүктүрүп, Кыргызстан менен Кытайдын соода-логистика, туризм жана бизнес байланыштарын чыңдоого багытталган.

✈️ “Аэро Номад Эйрлайнс” Бишкек – Кашгар багыты боюнча биринчи каттамын 2025-жылдын 15-июнунда саат 04:55те ишке киргизет.

🛫 Бул каттам пилоттук болуп, Кашгар эл аралык аэропортунун инфраструктурасын сыноого, Кытайдын темир жол тармагына байланыштырууну баалоого жана жүргүнчүлөр менен жүктөрдү жерден тейлөөнү жөнгө салууга мүмкүнчүлүк берет.

🌐 Инициатива Улуу Жибек жолу транспорттук коридорунун өнүгүшүн колдоп, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-логистикалык, туристтик жана ишкердик байланыштарды чыңдоого багытталган.

🔗 Бишкек – Кашгар каттамы регионалдык мобилдүүлүктүн өнүгүшүндө жаңы кадам болуп, экспорт, импорт жана туризм үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x