🤼♂️ Кыргызстандын балбаны Икромжон Хаджимуродов бүгүн Хорватияда өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионатта килемге чыгат.
🇭🇷 Хорватияда эркин күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионаттын үчүнчү күнү өтүүдө.
🏆 Икромжон Хаджимуродов 65 кг чейинки салмактагы категорияда Кыргызстандын атынан катышат.
🤼♂️ Ал 1/16 финалда Азиянын үч жолку чемпиону, 2022-жылдын дүйнө чемпиону жана Париж Олимпиадасынын күмүш медалисти болгон ирандык Рахман Амузадхалили менен беттешет.
👩🎤 Бүгүн аялдардын 55 жана 59 кг чейинки салмактагы категорияларында да мелдештер башталат, бирок бул категорияларда кыргызстандык спортчулар катышпайт.






