🕊️ Кыргызстанда саясий абал туруктуу.
👮♂️ Милиция кызматкерлери өлкөнүн бардык аймактарында тартипти жана коопсуздукту камсыз кылып, күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат.
🔍 Ысык-Көл облусунда элдин массалык чогулушу тууралуу маалымат боюнча иликтөө иштери жүрүп, анын себептерин жана маалымат булактарын аныктоо иштери жүрүп жатат.
📹 Караколдо таратылган видеолор эски болуп чыкты, бул реалдуу коркунуч жок экенин тастыктайт.
✅ Шайлоо эч кандай чатаксыз жана даттанууларсыз өттү, бул дагы өлкөдөгү абалдын тынч экенинен кабар берет.
🔒 Ички иштер министрлиги зарыл болгон учурда зарыл чараларды көрүп, кырдаалга укуктук баа берүүнү убада кылат.