




🇺🇸 АКШда көп улуттуу командалык-штабдык “Аймактык кызматташтык – 2025” машыгуусу аяктады, ага Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматкерлери Генералдык штабдын башкы оперативдик башкармалыгынын стратегиялык пландоо башкармалыгынын жетекчиси полковник Саламат Райымбаевдин жетекчилиги астында катышты.
🤝 Машыгуулар 2025-жылдын 16-27-июнь күндөрү Массачусетс штатында АКШнын Улуттук гвардиясында өттү. Бул иш-чаранын максаты – Борбор Азия өлкөлөрүнүн, АКШнын жана өнөктөш мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоо.
💪 Кыргызстандын аскер кызматкерлери жогорку деңгээлдеги согуштук даярдыгын, аракеттердеги ырааттуулукту жана эл аралык бөлүктөрдүн курамында натыйжалуу тапшырмаларды аткаруу жөндөмдүүлүгүн көрсөтүштү.
🌍 Машыгууларга катышуу Кыргызстандын коллективдүү коопсуздукту камсыз кылуу, эл аралык өнөктөштүктү бекемдөө жана заманбап чакырыктарга биргелешип каршы туруу боюнча салым кошууга даяр экендигин тастыктады.