🇭🇺 Венгрия 2025-жылдын 1-январынан тартып чет элдик жарандар үчүн иштөөгө уруксат берүүчү документтерди алуунун жаңы эрежелерин киргизди.
👥 Венгриянын жаңы эрежелери өлкөдө узак убакытка иштөө максатында улуттук визаларды берүү тартибин өзгөрттү. Эми мындай визалар Венгрия же Европа Биримдиги менен кайра кабыл алуу келишими жок өлкөлөрдүн жарандарына берилбейт.
📜 Бул чаралар Венгрия тарабынан миграциялык көзөмөлдү натыйжалуу жүргүзүү жана миграция мыйзамдарын бузган учурда чет элдик жарандарды кайтаруу үчүн укуктук негиздерди камсыз кылуу максатында кабыл алынган.
🤝 Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги учурда Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр, анын ичинде Венгрия менен кайра кабыл алуу келишимдерин түзүү маселесин карап жатат.
🌍 Мындай келишимдер өлкөлөр арасындагы миграциялык процесстерди жөнгө салууга жана Кыргызстандын жарандары үчүн чет өлкөдө узак мөөнөттүү расмий иштөө үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө салым кошот.