🇰🇬 Бишкекте кыргыз-кытай дипломаттарынын жолугушуусу болуп өттү.
🤝 КР Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушуп, эки тараптуу мамилелерди талкуулады.
🚆 Негизги көңүл инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга, анын ичинде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна бурулду.
📅 Жогорку деңгээлдеги эки тараптуу иш-чараларды уюштуруу жана БУУнун алкагында кызматташуу пландары да талкууланды.
🌐 Кытай тарап Кытайдын 2024-2025-жылдары ШКУга төрагалык кылуусунун алкагында боло турган көп тараптуу иш-чаралар тууралуу маалымат менен бөлүштү.
🔗 Жолугушууда Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы ар түрдүү тармактардагы байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгү белгиленет.