



🎬 Кыргызстандын “Жайлоого Карай Узак Жол” аттуу кыска метраждуу фильми Oberhausen эл аралык кинофестивалында эки сыйлыкка ээ болду.
🏆 Фильм Оберхаузен шаарынын Гран-при сыйлыгына жана Түндүк Рейн-Вестфалия аймагынын Маданият жана илим министрлигинин экинчи сыйлыгына татыктуу болду.
🎥 Фильмдин режиссеру Ильгиз Шернияз, көркөм жетекчиси Артыкпай Сүйүндүков, операторлор Караш Жанышов жана Адилет Бактыбеков, ал эми үн режиссеру Калыбек Шерниязов болуп саналат.
🌍 Oberhausen эл аралык кинофестивалы быйыл 71-жолу өткөрүлүп, 29-апрелден 4-майга чейин уланды. Бул форум дүйнөдөгү эң эски жана эң ири кыска метраждуу кинофестивалдардын бири болуп саналат.
🎥 Быйылкы фестивалда 42 өлкөдөн 124 фильм катышып, жалпы байге фонду 40 миң еврону түздү.
🥳 “Жайлоого Карай Узак Жол” фильми Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жана “Кыргызтасмасы” мамлекеттик кино борборунун колдоосу менен “Айтыш фильм” студиясында тартылган.