«Кыргыз темир жолу» багыттарын кеңейтүүдө жана вагондорун жаңыртууда

Жогорку Кеңештин комитети Иссык-Көлдө "Кыргыз темир жолу" ишмердүүлүгү жана Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушу менен таанышып, транспорт инфраструктурасын жакшыртуу жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иш алып барууда.

[adrotate_integration id=”2″]

🚆 Жогорку Кенештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитети Ысык-Көл облусунда көчмө жыйын өткөрүп, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү жана Балыкчы – Кочкор темир жолунун курулушу менен таанышты.

🔧 Делегациянын курамында комитеттин төрагасы Мурадил Сыдыков баштаган депутаттар Бактыбек Сыдыков, Талант Мамытов, Медербек Саккараев жана Бактыбек Чойбеков болушту. Алар Бишкек 2 – Балыкчы багытында жаңыланган вагондордо сапарга чыгып, жүргүнчүлөр менен баарлашып, шарттарды баалашты.

🚉 2025-жылы эки вагон модернизацияланып, азыркы учурда алты ыңгайлуу вагон каттамда жүрүүдө. Жаңы “Балыкчы Пляж” токтому ачылып, жүргүнчүлөргө пляж зонасына ыңгайлуу жетүүнү камсыз кылат.

📊 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча “Кыргыз темир жолу” 9,2 млн тоннадан ашык жүк жана 271,6 миң жүргүнчү ташыган.

🛤️ Балыкчы – Кочкор темир жолунун курулушу 30–44 км аралыкта улантылып, инженердик коммуникациялар, буровзрыв жана балласттык иштер аткарылууда. Жалпы узундугу 63 км болгон долбоордун баасы 9,47 млрд сомду түзөт.

💼 Мурадил Сыдыков темир жол транспортун модернизациялоо жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, өлкөнүн транспорттук инфраструктурасын жакшыртарын белгиледи. Депутат Бактыбек Сыдыков “Кыргыз темир жолу” экономиканын өнүгүшүнө жана жарандардын мобилдүүлүгүн жогорулатууга чоң салым кошорун билдирди.

🏢 Депутаттар Бишкек 2 жана Балыкчы темир жол вокзалдарын, ошондой эле Кочкор районунда жумушчулар үчүн курулган жаңы жатакананы да көрүп чыгышты.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген