



🇰🇬 Жогорку Кеңештин имаратында Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев менен япондук Kitahara Medical Strategies International (KMSI) компаниясынын делегациясы жолугушту.
🩺 KMSI компаниясы, Kitahara Neurosurgical Institute (KNI) тобуна кирип, япон саламаттык сактоо моделин экспорттоого багытталган алдыңкы медициналык чечимдерди сунуштайт.
🌍 KMSI өкүлдөрү Кыргызстандын саламаттык сактоо системасын алдын ала талдоону жүргүзүп, тиешелүү уюмдарды зыярат кылып, нормативдик базаны изилдешти.
🤝 Жолугушууда инсульттан кийинки реабилитация, медициналык кадрларды даярдоо жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлоруна япон тараптын катышуусу боюнча пикир алмашуу болду.
🏥 Кыргыз-япон ооруканасын куруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмин колдонуу мүмкүнчүлүгү талкууланды.
🎖 Жолугушуунун аягында министр Эркин Чечейбаев депутат Талайбек Масабировго Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн “Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери” төш белгисин тапшырды.