




🏗️ Кыргызстанда эң ири курулуш көргөзмөсү KyrgyzBuild 2025 ачылышында Россия-Кыргызстан биргелешкен «Ирбис-курулуш» ишканасын түзүү боюнча келишимге кол коюлду.
🤝 Бул документке кол коюу эки өлкө ортосундагы экономикалык өнөктөштүктү чыңдоодо маанилүү кадам болуп, биргелешкен өнүгүү, заманбап технологияларды киргизүү жана бизнес мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн жаңы горизонтторду ачат.
🌍 Көргөзмөнүн ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов катышты. Ал курулуш тармагын өнүктүрүү үчүн эл аралык кызматташуунун маанисин баса белгилеп, биргелешкен ишканаларды түзүү сыяктуу демилгелердин маанилүүлүгүн белгиледи.
🏢 KyrgyzBuild 2025 көргөзмөсү 15-17-апрель күндөрү Бишкекте өтүп, дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген курулуш тармагындагы алдыңкы эксперттерди, өндүрүүчүлөрдү жана дистрибьюторлорду бириктирет. Бул инновациялык чечимдерди сунуштоо, ишкердик баарлашуу жана өнөктөштүк байланыштарды чыңдоо үчүн негизги аянтча болуп калды.
🏠 Быйылкы жылы өзгөчө көңүл жергиликтүү курулуш материалдарын өндүрүүчүлөрдүн катышуусуна бурулуп, алар Кыргызстандын курулуш секторунун потенциалы жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн көрсөтүшүүдө.