🌍 Стамбулда ЭКУ Соода жана өнүктүрүү банкынын директорлор кеңешинин 108-жыйыны болуп өттү.
💼 Маанилүү демилгелер талкууланган жыйынга Кыргызстандын атынан КР Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжарбек Болотов катышты.
📈 Катышуучулар инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө, ошондой эле экономикалык абалды жакшыртуу үчүн заманбап каржы инструменттерин киргизүүгө басым жасашты.
💰 Кыргызстан суверендүү облигацияларга инвестиция салууга жаңы чектерди алды, бул негизги долбоорлорду каржылоонун кошумча жолдорун ачат.
🤝 Бул чаралар эл аралык өнөктөштүктү бекемдөөгө жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жардам берет.