📚 Кыргызстанда 17-апрельден тартып жыл сайын Чоңдорду окутуу күнү белгиленет.
🗓️ Жогорку Кеңештин депутаттары 17-апрелди Чоңдорду окутуу күнү катары белгилөө чечимин кабыл алышты.
👥 Бул демилгени депутаттар Жанарбек Акаев, Эльдар Абакиров, Чингиз Айдарбеков, Нилуфар Алимжанова, Азамат Исираилов, Айсулуу Мамашова жана Гулкан Молдобекова көтөрүштү.
📖 Эльдар Абакиров белгилегендей, бул чечим адамдардын жаш курагына карабастан окуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга багытталган.
🔄 Үзгүлтүксүз билим алуу келечекке карай маанилүү кадам болуп саналат.






