🌾 Кыргызстан агроөнөр жай комплексин олуттуу өнүктүрүүгө умтулууда.
🏭 2040-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн деңгээлин 50%га жеткирүүчү 25 ири кайра иштетүүчү ишканаларды түзүү пландаштырылууда.
📦 Ошондой эле инфраструктураны жакшыртуу үчүн эл аралык стандарттарга жооп берген 20 соода-логистикалык борборлорду жана 20 мал союучу жайларды ачуу пландалууда.
📊 Учурда өлкөдө 413 орто кайра иштетүүчү ишканалар жана 10 809 чакан ишканалар иштеп жатат, бул эмитен эле андан ары өсүү үчүн негиз түзүүдө.
🐟 650 балык уулоочу ишканалардын түзүлүшү балык продуктуларынын экспортун 105 миң тоннага чейин жеткирип, айыл чарбасынан түшкөн кирешени бир топ жогорулатат деп күтүлүүдө.
🌱 Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча 100 долбоордун алкагында жүндү кайра иштетүү, сүт жана канаттуулар чарбасы, балык уулоо жана айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө басым жасалып, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдейт.