



⚽️ Джидда шаарында өткөн Азия футбол конфедерациясынын (АФК) саммитинде клубдук турнирлердин форматы талкууланды.
📊 Кыргызстандын атынан саммитке Кыргыз профессионалдык футбол лигасынын аткаруучу директору Канат Асенов, “Абдыш-Ата” футбол клубунун жетекчиси Нурмат Сакебаев жана “Абдыш-Ата” академиясынын директору Айбек Турдубеков катышты.
📈 Саммиттин күн тартибине учурдагы сезонго киргизилген реформалар, регламенттеги өзгөртүүлөр жана АФК клубдук турнирлеринин топтук жана плей-офф этаптарынын негизги жыйынтыктары кирди.
📅 Катышуучуларга статистикалык маалыматтар, аналитикалык баяндамалар жана кийинки сезонго пландар сунушталды.
⚽️ Саммиттин делегаттары 2024–2025 сезонунун АФК Чемпиондор лигасынын “Аль-Ахли” (Сауд Аравиясы) жана “Кавасаки Фронтале” (Жапония) командаларынын ортосундагы матчына күбө болушту.