

[adrotate_integration id=”2″]
🎉 Кыргыз Республикасынын улуттук жаштар курама командасы III Азия жаштар оюндарында өлкөнү тааныштырат. Бул оюндар 22-31-октябрда Бахрейн Королдугунун борбору Манама шаарында өтөт.
🏅 Иш-чарада Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов катышып, курама команданын капитаны Улан Майрамбековго жана спортчу Доминика Чернецкага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусун тапшырды.
🇰🇬 Байсалов спортчуларга кайрылып, спорттун келечегине ишеним билдирип, 2032-жылы Брисбендеги Олимпиада оюндарында Кыргызстандын атынан чыга турган спортчулар дал ушул жаштар экенин белгиледи.
📈 2013-жылы Нанкиндеги Азия жаштар оюндарында Кыргызстандан 14 гана спортчу катышкан болсо, быйыл 145 спортчу катышат. Бул өлкөнүн спорттук потенциалынын өсүп жатканын жана көп улуттуу элдин күчүн көрсөтөт.
👥 Делегациянын курамында 194 адам бар, анын ичинде 145 спортчу, 38 машыктыруучу жана адистер, ошондой эле дарыгерлер жана спорттук федерациялардын өкүлдөрү бар.
🏆 Кыргыз спортчулары 17 спорт түрү боюнча мелдештерге катышат.






