Кыргызстан инвесторлорду тартууда: $10 миллиондон ашкан инвестициялар үчүн өзгөчө келишимдер

Кыргызстанда ири бизнести стимулдаштыруу жана түз чет элдик инвестицияларды тартуу үчүн конкреттүү чаралар көрүлүүдө. 10 миллион доллардан ашык инвестиция салууга даяр инвесторлор үчүн салыктык жана бажы жеңилдиктери, виза колдоосу жана жер тилкелери менен камсыздоо каралган.

📈 Кыргызстанда бизнес жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана түз чет элдик инвестицияларды тартуу максатында ири бизнеске стимул берүү боюнча конкреттүү чаралар көрүлүүдө.

🤝 Инвесторлорго Кыргыз Республикасынын «Инвестициялар жөнүндө» мыйзамына ылайык, министрлер кабинети менен түздөн-түз жеке инвестициялык келишим түзүү мүмкүнчүлүгү берилет.

💰 Бул норма 10 миллион АКШ долларынан кем эмес каражат салууга даяр болгон, эл аралык ишкердик репутациясы бар жана ийгиликтүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда уникалдуу билим жана тажрыйбага ээ инвесторлорго тиешелүү.

🛡️ Инвестициялык келишимдин алкагында инвесторлорго салык жана бажы жеңилдиктери, негизги кызматкерлер үчүн визалык колдоо, долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жер тилкелерин тандоо жана каттоо боюнча көмөк көрсөтүлүшү мүмкүн.

🌍 Президенттин алдындагы Улуттук инвестиция агенттиги эл аралык жана жергиликтүү инвесторлорду кызматташууга чакырат жана инвестициялык демилгелерди тапшыруу арызынан баштап, долбоорду ишке ашыруу этаптарына чейин толук колдоо көрсөтүүгө даяр.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген