

🌐 Кыргызстандын экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов Кытай Эл Республикасынын ИПАК коомдук илимдер академиясынын делегациясы жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушту.
🤝 Жолугушууда кытай делегациясына Кыргызстандын туруктуу экономикалык өнүгүүсү үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон артыкчылыктуу долбоорлор жана багыттар тууралуу кеңири маалымат берилди.
💊 Өзгөчө көңүл фармацевтика, туризм, пахта жана жүн өнөр жайлары, ошондой эле “жашыл экономика” жана кайра жаралуучу энергия булактары сыяктуу тармактардагы кызматташтыкка бурулду.
📈 Тараптар эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрүн, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну, инвестиция үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү жана соода-экономикалык байланыштарды чыңдоону талкуулашты.
👐 Жолугушуу конструктивдүү жана достук маанайда өтүп, Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы туруктуу жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө эки тарап тең кызыкдар экенин белгиледи.