Кыргызстан менен Өзбекстан темир жол кызматташтыгынын келечегин карап жатат

Ташкентте Кыргызстан менен Өзбекстандын темир жол компанияларынын жетекчилеринин жолугушуусу болуп, анда жүк ташууларды көбөйтүү, тарифтик жеңилдиктерди жана туристтик поезддерди ишке киргизүү маселелери талкууланды. Ошондой эле кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу маселелерине токтолуп, өзбек кесиптештерин ишкананын 30 жылдыгы менен куттукташты.

🚆 Ташкентте КМШ өлкөлөрүнүн темир жол транспорту боюнча кеңешинин 81-жыйыны өтүп, анда Кыргызстан менен Өзбекстандын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду.

🤝 “Кыргыз темир жолу” УК жана Өзбекстан темир жолдорунун жетекчилери жүк ташуу көлөмүн көбөйтүү жана транспорттук тейлөөнү жакшыртуу үчүн тарифтик жеңилдиктерди колдонуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

🚂 Ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда көмүр, цемент жана башка жүктөрдү ташуу үчүн “Темирюлкарго” компаниясынын вагондорун пайдалануу, таразаны оңдоо маселелери талкууланды.

🌍 Тараптар 2025-жылдын жай айларында Ташкент-Рыбачье багыты боюнча туристтик поезддерди ишке киргизүүнү макулдашты, бул Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы туристтик байланыштарды кыйла бекемдейт.

📚 Жолугушуунун маанилүү учуру өзбек кесиптештери тарабынан уюштурулган окуу программалары аркылуу кыргыз темир жол кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу талкуусу болду.

🎉 Азамат Сакиев Зуфар Нарзуллаевди жана анын командасын «Өзбекстан темир жолдору» ААКнын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x