🇰🇬 Бишкек шаарындагы Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы элчиси Айбек Молдогазиев менен АКШнын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча мамлекеттик катчысынын жардамчысы Пол Капурдун жолугушуусу болду.
🤝 Жолугушууда кыргыз-америкалык кызматташтыктын учурдагы абалы, саясий диалогду бекемдөө, эки тараптуу иш-чараларды уюштуруу жана соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.
🌍 Эки тарап C5+1 саммити алдындагы даярдыктарга өзгөчө көңүл бөлүштү.
📈 Жолугушуунун аягында Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты күчөтүү жана өнүктүрүү боюнча ниеттери бекемделди.










