Кыргызстан менен GGGI климаттык туруктуулукту жана кырсыктардын алдын алууну чыңдайт

Бишкекте Акылбек Мазарипов менен Сан-Хёп Кимдин жолугушуусу өтүп, климаттык туруктуулукту жогорулатуу жана табигый кырсыктарды алдын алуу боюнча кызматташтык талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду.

[adrotate_integration id=”2″]

🌿 Бишкекте бүгүн, 29-июлда, Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов менен Глобалдык жашыл өсүш институтунун (GGGI) башкы директору Сан-Хёп Кимдин жолугушуусу болуп өттү.

🤝 Жолугушууда Акылбек Мазарипов Сан-Хёп Кимди GGGIнин башкы директору кызматына дайындалышы менен куттуктап, туруктуу өнүгүү жана жашыл өсүштү илгерилетүү жаатындагы колдоосу жана жемиштүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

🌍 Сүйлөшүүлөрдө табигый кырсыктар тобокелин азайтуу жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу тармагындагы кызматташуунун негизги багыттары талкууланды. Айрыкча, 2026-2030-жылдарга карата GGGIнин Өлкөлүк алкактык программасын даярдоо контекстинде маанилүү болду.

💧 Акылбек Мазарипов климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатуу жана өлкөдө табигый коркунучтарды натыйжалуу башкаруу үчүн бул долбоордун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

📝 Жолугушуунун жыйынтыгында Глобалдык жашыл өсүш институту менен Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду, бул эки тараптын кызматташуусун мындан ары да кеңейтүүгө жана бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген