



[adrotate_integration id=”2″]
🤝 Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Ареф Чолпон-Ата шаарында жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты.
📈 Эки өлкөнүн соода-экономикалык, инвестициялык жана транзиттик-транспорттук тармактарында кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү чоң экендиги белгиленди.
📝 Кыргыз-Иран инвестициялык кеңсесин түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумунун кол коюлушу кубатталып, анын ишмердүүлүгүн тез арада баштоо зарылдыгы айтылды.
✈️ Иран тарап эки өлкө ортосунда түз авиакаттамдарды калыбына келтирүүнү сунуштады, бул ишкердик байланыштарды жеңилдетип, туристтик агымды жана маданий алмашууну көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.
🌍 Региондор аралык мамилелерди тереңдетүү максатында эки өлкөнүн аймактары арасында боордоштук байланыштарды түзүү сунушталды.
📜 Жолугушуунун аягында эки тарап тең өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө даярдыгын билдиришти.






