Кыргызстан менен Россиянын түбөлүк достук декларациясына 25 жыл болду

Бүгүн Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы түбөлүк достук, союздаштык жана өнөктөштүк тууралуу Декларацияга кол коюлганына 25 жыл толду. Бул документ эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин жаңы этабын баштап, саясий жана экономикалык өнөктөштүктү бекемдеген.

🇰🇬 Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы түбөлүк достук, союздаштык жана өнөктөштүк жөнүндө Декларациянын кабыл алынганына 25 жыл толду. Бул документ кыргыз-орус мамилелеринин жаңы этабынын башталышын белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкка бекем укуктук жана саясий негиз түздү.

🤝 2000-жылдагы Декларация жогорку деңгээлдеги ишенимди жана стратегиялык мүнөздөгү мамилелерди бекемдеп, тараптардын көп кылымдык достуктун, маданий жана руханий жакындыктын негизинде союздаштык жана өнөктөштүк байланышты тереңдетүүгө умтулуусун чагылдырды.

📈 Өткөн 25 жылда кыргыз-орус мамилелери туруктуу динамиканы көрсөтүп, эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда, анын ичинде ЖККУ, ЕАЭБ, КМШ жана ШКУ сыяктуу уюмдардын алкагында кеңири багыттарды камтыган мазмун менен толукталды.

🎉 Юбилейлик датага карата Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин, ошондой эле эки мамлекеттин тышкы иштер министрлеринин ортосунда куттуктоо каттары алмашылды. Каттарда союздаштык мамилелердин өзгөчө баалуулугу баса белгиленип, достук жана коңшулук духундагы стратегиялык өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоого өз ара кызыкдарлык тастыкталды.

0 0 votes
Рейтинг статьи
Subscribe
Notify of
guest

0 комментариев
Oldest
Newest Most Voted
Inline Feedbacks
View all comments
0
Would love your thoughts, please comment.x
()
x