

🇰🇬 Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчиси Улукбек Марипов Сауд Аравиясынын соода-өнөр жай палаталары федерациясынын төрагасы Хасан Моаджеб Аль-Хувейзи менен жолугушту. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүнүн келечеги талкууланды.
🤝 Элчи Марипов эки өлкөнүн экономикалык алакаларын активдештирүү боюнча элчиликтин акыркы жетишкендиктерин кеңири баяндап берди.
📈 Хасан Аль-Хувейзи Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын кызматташтыгынын динамикасын жогору баалап, соода-өнөр жай палаталарынын ортосундагы тыгыз кызматташтыкты күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
🔗 Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда өтө турган биргелешкен иш-чаралардын алкагында тыгыз байланыштарды сактоо боюнча макулдашышты.
🌐 Сауд Аравиясынын соода-өнөр жай палаталары федерациясына өлкөнүн 28 палатасы кирет жана 32 улуттук комитет ар кандай секторлорду көрсөтөт. Ошондой эле 30дан ашык чет өлкөлөр менен бизнес кеңештери түзүлгөн. Учурда федерациянын мүчөлөрү катары 1,3 миллиондон ашуун ишкерлер катталган.