

🇰🇬 Бишкекте Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттик администрациянын жетекчиси Адылбек Касымалиев менен Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын спикери Нуман Куртулмуштун жолугушуусу болуп өттү. Эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча кеңири маселелер талкууланды, өзгөчө көңүл соода-экономикалык мамилелерге бурулду.
📈 Кыргызстан Түркия менен айыл чарба, энергетика, жеңил өнөр жай, кайра иштетүү жана тоо-кен тармактарында кызматташууну өнүктүрүүгө кызыктар. Эки өлкөнүн лидерлери алдына койгон максат – товар жүгүртүүнү жакынкы жылдары 5 миллиард АКШ долларына жеткирүү.
💼 Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети инвестициялык климатты жакшыртуу, жеке секторду өнүктүрүү, административдик чектөөлөрдү жоюу жана мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча артыкчылыктарды белгиледи.
🤝 Кыргыз-Түрк өкмөттөр аралык комиссиясы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойнойт жана бул комиссиянын тең төрагасы болуп Министрлер кабинетинин башчысы менен Түркиянын вице-президенти Джевдет Йылмаз саналат.
🏦 Жолугушууда банк сектору жана миграциялык процесстерди жөнгө салуу маселелери да каралды.
🇹🇷 Түркия Кыргызстан менен ар тараптуу байланыштарды чыңдоого жана эки тараптуу соода көлөмүн көбөйтүүгө даяр экенин билдирди.