Кыргызстан менен Түркиянын өнөктөштүгү жогорку деңгээлде белгиленүүдө.

Габалада өткөн жолугушууда Кыргызстандын жана Түркиянын тышкы иштер министрлери кыргыз-түрк кызматташтыгынын жогорку динамикасын белгилешти жана эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

[adrotate_integration id=”2″]

🇰🇬 Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана Түркия Республикасынын тышкы иштер министри Хакан Фидан Габала шаарында жолугушту.

🤝 Жолугушууда тараптар кыргыз-түрк кызматташтыгынын жогорку динамикасын канааттануу менен белгилешти, анын ичинде 17-18-сентябрда Түркия Республикасынын вице-президенти Джевдет Йылмаздын Кыргыз Республикасына расмий иш сапары жана соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 12-жыйынына катышуусу.

🌐 Кыргыз-түрк мамилелеринин учурдагы абалы жана мындан ары тереңдетүү перспективалары, ошондой эле Түрк мамлекеттер уюму алкагындагы өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашуу болду.

📈 Эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо жана келечектеги жалпы долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген