🇰🇬 Кыргызстан менен Тажикстандын соода жана өнөр жай тармагындагы кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгат.
📈 Бүгүнкү мамлекеттик сапардын алкагында эки өлкөнүн экономика жана соода министрликтери ортосунда бир катар маанилүү документтерге кол коюлат.
🗺️ Бул документтердин ичинде эки өлкөнүн соода-экономикалык “жол картасы” болуп саналган Иш-чаралар планы да бар.
🔄 Кыргызстандан Тажикстанга сурьма чийки затын жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, бул эки тараптуу сооданы кеңейтүүгө багытталган.
🤝 Кыргызстан менен Тажикстандын соода жана өнөр жай кызматташтыгы мындан ары да өнүгө берет.






