📞 Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев британиялык кесиптеши Дэвид Лэмми менен телефон аркылуу сүйлөштү.
🌍 Сүйлөшүү учурунда кыргыз-британ мамилелеринин негизги аспектилери, анын ичинде саясий, экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөр талкууланды.
⚡ Энергетика, экология жана климаттын өзгөрүүсү маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп, бул багыттар боюнча кызматташуунун маанилүүлүгү баса белгиленди.
📰 Дэвид Лэмми журналисттерге байланыштуу жакында кабыл алынган сот чечимине токтолуп, Кулубаев Кыргызстандагы сот бийлигинин көз карандысыздыгын белгиледи.
🤝 Сүйлөшүүнүн аягында министрлер саясий байланыштарды улантуу жана эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө өбөлгө түзгөн өз ара сапарларды уюштуруу боюнча макулдашышты.