🇰🇬 Кыргызстан менен Япониянын делегациялары 6-9-октябрь күндөрү Бишкекте жолугушуп, киреше салыктарына байланыштуу кош салык салууну жоюу жана салык төлөөдөн качууну алдын алуу боюнча макулдашуу түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
🤝 Бул сүйлөшүүлөр Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат.
🌍 Кош салык салууну жоюу боюнча эл аралык макулдашуулар улуттук экономикага түз чет элдик инвестицияларды тартуунун натыйжалуу механизмдеринин бири катары каралат.
🛡️ Макулдашуунун негизги максаттарынын бири – бир мамлекеттин резидентин башка мамлекетте дискриминациялык салык салуудан коргоо.
🔄 Макулдашуунун шарттарын кыянаттык менен пайдаланууну болтурбоо жана салык төлөөдөн качууну алдын алуу максатында мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда өз ара маалымат алмашуу камсыздалат.






