Кыргызстан «Moscow Startup Summit 2025» иш-чарасына катышты

Кыргызстандык делегация Москвада өткөн "Moscow Startup Summit 2025" саммитине катышты. Делегация мүчөлөрү технологиялык бизнес, инвестициялар жана мамлекеттик-менчик өнөктөштүк маселелерин талкуулашты.

[adrotate_integration id=”2″]

📈 Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестиция агенттиги Москва шаарында өткөн «Moscow Startup Summit 2025» алгачкы эл аралык технологиялык саммитине катышты.

🤝 Кыргызстандык делегациянын курамында илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин биринчи орун басары Айбек Чотонов, «Айыл Банк» ААК башкармалыгынын төрагасы Тилек Алимжанов жана Улуттук инвестиция агенттигинин өкүлдөрү болду.

🗣️ Агенттиктин директорунун орун басары Дамирбек Бикулов БРИКС жана ШОС өлкөлөрүндө технологиялык бизнеске колдоо көрсөтүү жана өнүктүрүү темасында баяндама жасады. Баяндамада Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкаруу жана бизнес-процесстерге технологияларды жана жасалма интеллектти киргизүү маселелери каралды.

📜 Агенттик учурда «Венчурдук каржылоо жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» жана «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууда. Бул мыйзамдар инвестициялык климатты жакшыртууга жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн субъекттери үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.

🤝 Саммиттин жыйынтыгында жаңы технологиялар жана инновациялар тармагында иш алып барган ири орусиялык компаниялар менен бир катар жолугушууларды өткөрүү пландалууда.

🌍 «Moscow Startup Summit 2025» – бул технологиялык ишкердик, инновациялар жана стартаптардын борбору. Бул иш-чара БРИКС жана ШОС өлкөлөрүнүн венчурдук инвесторлорун, корпорацияларын, мамлекеттик жана илимий институттарын глобалдык технологиялык чакырыктарды талкуулоо жана өнөктөштүктөрдү түзүү үчүн чогултат.

🏛️ Иш-чаранын негизги спикерлери катары «Сбербанк России» ПАО башкармалыгынын төрагасы Герман Греф жана Москва шаарынын мэри Сергей Собянин болду.

Leave a Reply

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген